Кыргызстан жана Казакстан чек ара аркылуу жүктү эркин өткөрүү боюнча макулдашты

Кыргызстан жана Казакстан чек ара аркылуу жүктү эркин өткөрүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу биздин өлкөнүн министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Алсак, Казакстан товарды ЕАЭБ мамлекеттерине өткөрүүдө электрондук эсеп-фактура болсо, текшерүү-көзөмөлдөө иштерин жүргүзбөөгө макул болду.

 

Ал эми кыргыз тарап электрондук коштоочу документтери жок фураларды өткөрбөөгө милдеттендирилди. Эки тарап ошондой эле жүк ташуучу унаалардын чек арадагы узун кезектерин жоюу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алат.