Жоламан Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында күрөшөт

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында күрөшөт.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына караганда, ал бүгүн жарым финалдык таймашта казакстандык Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде жеңди.

Алдыда алтын байге үчүн ирандык Мехди Сейфоллах Мохсен Нежад менен беттешет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 4тө башталат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты кечээ башталган.

Биринчи мелдеш күнүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы эки алтын, бир коло байгеге ээ болду.