Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Идентификациялык карта жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо

Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Идентификациялык карта – Кыргызстандын жаранынын 2017-жылдагы паспорту (ID-карта) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

Учурдагы редакция жарандын электрондук кол тамгасы ID-карта чипинде болушу керек деген милдеттүү эрежени камтыйт.

Болбосо ал адам паспорт албайт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул пунктту алып салууну көздөөдө.

Тиешелүү документ коомдук талкууга коюлду.