“Түндүкэлектр” карыздарды эскерте турган тиркеме иштеп чыкты

“Түндүкэлектр” карыздарды эскерте турган тиркеме иштеп чыкты.

Ишканадан такташкандай, тиркеме аркылуу колдонуучуга электр энергиясына карызы жөнүндө маалымат берилип, акчасын өз убагында төкпөгөн абонентке күн сайын эскертүү келип турат. Андан тышкары тиркемеде ар кандай кырдаалда свети өчүрүлө турган аймактардын тизмеси айтылып, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн калькулятор, жаңылыктар жана башкалар киргизилет. Тиркемени Play Market жана AppStore интернет дүкөнүнөн көчүрүп алса болот.