Марс планетасына учууга билеттин баасы болжол менен 100 миң долларды түзөт

Марс планетасына учууга билеттин баасы болжол менен 100 миң долларды түзөт. Бул тууралуу SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жарыялады. Миллионер түшүндүргөндөй, кеп кызыл планетасына биротоло көчүп кетүү акысы тууралуу болуп жатат.

 

Масктын айтымында, Марска учуу мүмкүнчүлүгү бардыгына жеткиликтүү болушу керек.

 

Андыктан, АКШ өкмөтү тарабынан атайын программалар жана насыялоо киргизилиши мүмкүн.