Ерлан Жаманкулов Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун маалымат катчысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ерлан Жаманкулов мурда президенттин мамлекеттик резиденциясында иштеген.
Андан тышкары 2016-2020-жылдары «Кулатуу эр таймаш» улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген.