“Бишкекжашылчарба” ишканасы унааларды дарактардын түбүнө токтотпоого чакырат

Ордо калаада күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу “Бишкекжашылчарба” ишканасы унааларды дарактардын түбүнө токтотпоого чакырат.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, борбордо абанын температурасы төмөндөп, жамгыр жаашы күтүлөт.

Жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет.

Мындан улам мэрия айдоочуларды жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бак-дарактарга жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону суранат.