Чүй ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылат

Чүй ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасына жазган.

Белгилей кетсек, Байсалов бүгүн аталган ооруканага барып, профессор Акрамов менен жолуккан.
«Түштөн кийин Чүй ооруканасына Кыргызстандын баатыры Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу чечими жактырылганын кубануу менен кабарлап коёюн», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15-мартта Чүй облустук ооруканадагы Акрамовдун Хирургия жана реконструкциялык калыбына келтирүү илимий борборун жапканын билдирген. Ошондой эле анын үйү жоктугун, ошол оорукананын имаратында жашап жатканын айткан.

 

Министр Акрамовду жумушуна байланыштуу ар кандай сөздөр менен сындап келген. Буга көпчүлүк, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары да нааразы болуп чыккан.
Бирок көп өтпөй Алымкадыр Бейшеналиев профессор Эрнст Акрамов менен бирге Чүй облустук бириккен ооруканасынын аймагына көчөт отургузушкан.