Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында көп кабаттуу үйлөр курулат

Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында көп кабаттуу үйлөр курулат. Экономика министрлиги тиешелүү токтом долбоорун даярдап, аны коомдук талкууга чыгарды.   Документке ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компанияга бул максатта 200 миллион сом бөлүү сунушталат. Курулган турак-жай кийинки сатып алуу шарты менен ижарага берилет.   Баткен облусун… Кененирээк…

Смартфон ээлери аппараттарын жок дегенде жумасына бир жолу өчүрүп, кайра күйгүзүп турушу керек

Смартфон ээлери аппараттарын жок дегенде жумасына бир жолу өчүрүп, кайра күйгүзүп турушу керек. Бул тууралуу байланыш агенттигинин эксперттери билдиришти. Адистердин маалыматына ылайык, гаджетти бир нече мүнөткө толугу менен өчүрүү — аппараттын бузулуу жыштыгын азайтат, ошондой эле смартфонду кадимки режимге кайтарып, тиркемелерди өчүрүп күйгүзөт.

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн мөөнөтү аныктала элек

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн мөөнөтү аныктала элек. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, болжолдуу түрдө кабыл алуу 18-июлда башталат. Буга чейин окуу жылынын 15-сентябрга которулушу ЖОЖдордо бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу өнөктүгүнүн жылышына алып келет деп күтүлүп жаткан. Өнөктүк 20-июлда башталып,… Кененирээк…

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун сүйлөшүүсү өттү

Пландалган графикке ылайык, Бишкек шаарында 2022-жылдын 25-майынан 30-майына чейин Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Жумушчу топтордун келерки… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна кар жаады

Жаздын акыркы күнүндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна кар жаады. Барскоон-Акшыйрак жолунун айрым тилкелериндеги кардын калыңдыгы бир метрге жетти. Бул тууралуу облустагы жол тейлөө башкармалыгынын башчысы Кубаныч Муканбеткалый уулу билдирди. Маалыматка ылайык, азыр жолдо кар күрткү жатат. Аба-ырайы ачылаары менен тазалоо иштери башталат.

Кыргызстанда 1-июлдан тарта энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салынат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт. Салык товарды өндүрүүгө жана Кыргызстандын аймагына импорттоого да тиешелүү болот. Кошумча маалыматты салык кызматынын сайтынан алууга мүмкүн.

Былтыр эмдөөдөн өткөндөр үчүн вакцинанын үчүнчү дозасын алуу убактысы келди

Коронавируска каршы эмдөөнү 2021-жылдын аягында алгандар үчүн бустердик дозаны алууга убакыт келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти. Иммунолог жана эпидемиологдор 2-дозаны алгандан кийин 4-6 ай өткөн соң бустердик дозаны алууну сунушташат. Ревакцинация сыяктуу эле бустерди учурда бар ар кандай вакцина менен жасоого болот.… Кененирээк…

Кыргызстандан Россияга каттай турган поезддердин билеттери сатыкка чыкты

Кыргызстандан Россияга каттай турган поезддердин билеттери сатыкка чыкты. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан такташкандай, 6-июндан тарта Кыргызстандан Россияга поезддер каттай баштайт. Жүргүнчүлөр Бишкектен Казань, Самара жана Новосибирск шаарларына поезд менен жетип алса болот. Эл аралык поезддерге, анын ичинде Казакстан, Россия жана Беларусь темир жолдорунун ички каттамдарына… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мындай чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Кыргызстанда инфляциялык процесстердин бир аз басаңдашы байкалат. Бул дүйнөлүк азык-түлүк базарларында жагдайдын салыштырмалуу турукташуусу, ошондой эле ички факторлордун тийгизген таасири менен шартталган, — деп айтылат… Кененирээк…

Түштүктө туура кесип тандоо боюнча форум өтөт

Бүгүн саат 10:00дө С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драм театрында, 1-июнь саат 15:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалуу драма театрында, 2-июнь саат 13:00дө Жалал- Абад ресторанында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип-Келечек кепилдиги” аталышындагы форум өтөт. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти. Платформанын алкагында өз кесибинин… Кененирээк…