Былтыр эмдөөдөн өткөндөр үчүн вакцинанын үчүнчү дозасын алуу убактысы келди

Коронавируска каршы эмдөөнү 2021-жылдын аягында алгандар үчүн бустердик дозаны алууга убакыт келди.

Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Иммунолог жана эпидемиологдор 2-дозаны алгандан кийин 4-6 ай өткөн соң бустердик дозаны алууну сунушташат.

Ревакцинация сыяктуу эле бустерди учурда бар ар кандай вакцина менен жасоого болот.

Чет өлкөгө чыккандар үчүн кирген өлкөнүн талаптары менен таанышуу зарыл.

Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө үчүн: Pfizer (АКШ) жана Sinopharm (Кытай) компанияларынын вакциналары бар.

Эмдөөнүн баштапкы курсун, ошондой эле бустердик дозаны үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана убактылуу эмдөө пункттарынан жасатууга болот.