Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн мөөнөтү аныктала элек.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, болжолдуу түрдө кабыл алуу 18-июлда башталат.
Буга чейин окуу жылынын 15-сентябрга которулушу ЖОЖдордо бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу өнөктүгүнүн жылышына алып келет деп күтүлүп жаткан.
Өнөктүк 20-июлда башталып, 10-сентябрда аякташы керек болчу, — деп түшүндүрүштү ведомстводон.