Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды.
Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мындай чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирди.
Кыргызстанда инфляциялык процесстердин бир аз басаңдашы байкалат.
Бул дүйнөлүк азык-түлүк базарларында жагдайдын салыштырмалуу турукташуусу, ошондой эле ички факторлордун тийгизген таасири менен шартталган, — деп айтылат маалыматта.
Бирок глобалдуу рыноктордо азык-түлүккө сунуштун чектелүү болушу жана логистикалык проблемалардын орун алышы дагы деле инфляциялык тобокелдиктерди камтыйт.
Мындан улам, Улуттук банк жагдайга жараша негизги чендин өлчөмү боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрө алат