Бүгүн саат 10:00дө С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драм театрында, 1-июнь саат 15:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалуу драма театрында, 2-июнь саат 13:00дө Жалал- Абад ресторанында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип-Келечек кепилдиги” аталышындагы форум өтөт.
Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти.
Платформанын алкагында өз кесибинин мыкты бүтүрүүчүлөрүнөн актуалдуу темалар боюнча презентация жасоо пландалууда.
Иш-чаранын максаты келечек жаштарын кесипке багыттоо үчүн республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингтерди уюштуруу болуп саналат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жылына болжол менен 160 миңге жакын окуучу 9-11-классты аяктайт.