Ысык-Көлдө бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

12-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында чоңдор арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты жана 19 жашка чейинкилер арасында Дүйнө биринчилиги өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 12-15-июль күндөрү “Эркин пирамида” U-19 оюндары өтөт.   Ал эми чоңдор арасында бильярддын “Динамикалуу пирамида” түрүнүн… Кененирээк…

“Ала-Арча” улуттук паркынын аймагына кирүүгө салынган тыюу 14-июлга чейин узартылды

“Ала-Арча” улуттук паркынын аймагына кирүүгө салынган тыюу 14-июлга чейин узартылды. Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, аймакты оңдоп-түзөө иштерин бүгүн, 8-июлга чейин аяктоо пландалган.   Бирок жумуштар дагы эле уланууда. Андыктан, улуттук парктын аймагына эс алуучулар, унаалар 14-июлга чейин киргизилбейт.

Эртең өлкөдө Курман айт белгиленет

Эртең өлкөдө Курман айт белгиленет. Мусулмандардын бул майрамы Орозо айттан кийинки 70-күнгө туура келет. Таңкы саат 4төн 8ге чейин борбордук көчөлөр кыймылга жабылып, Эски аянтта жалпылап намаз окулат.   Диний иш-чара аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолорунан башталат. Белгилеп кетсек,                 2 жылдан  бери коронавирус пандемиясынан улам аянтта… Кененирээк…

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими сакталат

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб 2020-жылдын март айында киргизилген өзгөчө кырдаал режимин кармап туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, коронавирустун жайылышы менен кырдаалдын өнүгүшү боюнча бардык варианттарга чара көрүүгө жетиштүү күч жана каражат бар. Ал эми мамлекеттик… Кененирээк…

«Манас» аэропортунун жетекчилиги алмашты

Манас Самидинов «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, бүгүн, 7-июлда, «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин отуруму болуп, анда башкы директор Бакыт Шаршеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Манас Самидиновду жетекчи кылып дайындоо чечими кабыл алынган.… Кененирээк…