Нарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алды

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жараат алышканын облустук милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 7-июлда кечки саат 11 чамасында болгон, Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн бирөөлөр аткылап жатышканы тууралуу маалымат түшкөн.   “Айылдын К.Б. аттуу тургуну ошол эле айылдын… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Рейтерс билдиргендей, күйөрмандар сырттан сыра ичип келсе болот, бирок стадиондордо алкоголдук суусундуктар сатылбайт.   Эске салсак, Катарда коомдук жайларда спирт ичимдиктерине мыйзам түрүндө тыюу салынат. Өлкөгө аны импорттоого дагы болбойт. Дүйнө чемпионаты араб мамлекетинде 21-ноябрда башталып,… Кененирээк…

Беловодск айылында мектеп күйүп кетти

Беловодск айылында мектеп күйүп кетти. Жалын аянттын 500 чарчы метрин жабыркатты, — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп 1927-жылы курулуп, 2012-жылы авариялык абалда деп табылган. 2018-жылы анда окуу токтотулуп, мектеп имараты айыл өкмөттүн… Кененирээк…

Коммерциялык банктар долларды накталай берүүдө эмне себептен комиссия алып жатканын Улуттук банктан түшүндүрүп беришти

Коммерциялык банктар долларды накталай берүүдө эмне себептен комиссия алып жатканын Улуттук банктан түшүндүрүп беришти.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаеванын айтымында, Кыргызстанда накталай доллардын жетишсиздиги катталгандыктан, коммерциялык банктар америкалык валютаны чет мамлекеттерден алып келүүгө аргасыз. Комиссияны банктар өз чыгымын жабуу үчүн алып… Кененирээк…

Япониядагы океанариумдагы пингвиндер ачкачылык жарыялады

Япониядагы океанариумдагы пингвиндер ачкачылык жарыялады. Инфляция – менюну алмаштырууга себеп эмес деген пикирде алар. Баалар кескин кымбаттап кеткендиктен, кызматкерлер арзаныраак балыкка өткөн.   Рациондун мындай өзгөрүүсүн пингвиндер кабыл алган жок. Аларга тамак берилгенде, жаныбарлар башын чайкап, арзан балыкты жегенден баш тартууда.

Токтогул суу сактагычында нымдуулук күндөн күнгө толуп жатат

Токтогул суу сактагычында нымдуулук күндөн күнгө толуп жатат. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, учурда өлкөнүн башкы резервуарында  12 миллиард 417 миллион метр куб суу бар.   Бул өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу, 1 миллиард кубга көп. Буга карабай, өлкөдө суунун аз келүү мезгили уланууда, андыктан… Кененирээк…

АКШда эркек такси номеринин жардамы менен джекпот утуп алды

АКШда эркек такси номеринин жардамы менен джекпот утуп алды. 51 жаштагы эркектин айтымында, ал унаасы бузулуп калгандыктан, такси чакырткан. Айдоочусу жагымдуу болуп, аны менен баарлашып жумушка жеткен. Дал ошол себептен ал такси номерин эстеп калып, лотерея билетине жазган.   Бактысына жараша, ошол сандар ага 50… Кененирээк…

Бишкекте Сыдыков көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды

Бишкекте Сыдыков көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, анын Турусбеков – Калык Акиев тилкесинде жол катмарын калыбына келтирүү иштери  аткарылды.   Андан тышкары тротуарлар, ирригациялык тармак жаңыртылып, жаңы жол чийиндер түшүрүлүп, белгилер орнотулду.

Жети-Өгүз районунда пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди

Жети-Өгүз районунда пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Анда “Кумтөр” кенинде чогултулган пластик иштетилет. Ишкана Беларусиядан жеткирилген заманбап жабдуулар менен камсыздалып, 30 жаңы жумуш орду түзүлдү.   Кайра иштетилген сырьёдон жер-жемиш үчүн желим ящиктер өндүрүлөт. Заводду иштетүүнүн негизги максаты — Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо.

Кыргызстанда кумшекердин баасы туруктуу

Кыргызстанда кумшекердин баасы туруктуу. Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, учурда ордо калаанын соода тармактарында кумшекердин бир килограммын 85 сомдон сатып алса болот.   Ал эми базарларда кант кызылчасынан иштетилген шекер жок. Кант заводдору Бразилиядан алынып келген камыш-сырьесунан кумшекер өндүрүүдө.   Андыктан, мындай азыктын… Кененирээк…