Бишкекте 25 миң орундуу стадиондун курулушу башталды

Бишкекте 25 миң орундуу стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Маалыматка ылайык, арена ордо калаанын түштүк-батыш тарабында орун алат.

 

Аны тажрыйбалуу европалык компания курат. Каражатты инвесторлор бөлүп берет. Болжол менен, стадион 2 жылда курулуп бүтөт.