Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, катуу жааган жаандан кийин Бурма-Суу айылында каналдардан суу ташып, үйлөрдүн короо-жайын жана ички чарбачылык жолдорду каптады.

 

Учурда жерине куткаруучулар тобу жана атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

 

Андан тышкары, каналдардын жээктери бекемделип жатат.