1-августтан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

1-августтан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт.

 

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, айлыкты жогорулатуу үчүн 10 миллиард сомго жакын керектелет.

 

Эске салсак, 1-апрелден тарта мугалим, актер, китепканачы сыяктуу социалдык, маданият, саламаттыкты сактоо тармактарынын 309 миңге жакын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаган.