Кыргызстанга май айында акча которуулар 257 миллион долларды түздү.
Бул апрелге салыштырмалуу, 2 миллионго көп, — дешти Улуттук банктан. Сумманын басымдуу бөлүгү Россиядан которулду – 245,5 миллион доллар, 200 миңдей Казакстандан келсе, 400 миң доллар КМШнын башка өлкөлөрүнөн которулган.
Алыскы чет мамлекеттерде эмгектенген кыргызстандык мигранттар мекенине 11 миллион доллар жөнөттү. Улуттук банктан белгилешкендей, март-апрель айларындагы олуттуу өсүүдөн кийин, майда өлкөгө акча которуулар азайганы катталды.