Кыргызстанда быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Кыргызстанда быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишендирүүдө. Анын айтымында, 150 миң чарчы метр чуңкурлар бүтөлүп, 250 чакырым жолго шагыл төгүлөт.

 

Быйыл 20 миң тонна битумга 1,5 миллиард сом бөлүндү, — деди Жапаров.

 

Каржы министри Алмазбек Бакетаев кошумчалагандай, жол оңдоо, тейлөө иштерине быйыл жалпысынан   17,5 миллиард сом каралды, бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.