Бала-Саруу ГЭСинин биринчи агрегаты декабрда ишке киргизилет

 

Бала-Саруу ГЭСинин биринчи агрегаты декабрда ишке киргизилет. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Ал белгилегендей, Талас облусунда жайгашкан гидро электр станция жазында толук кандуу пайдаланууга берилет.

 

Бала-Саруу ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзүп, болжол менен 92 миллион кВт саат электр энергиясын иштеп чыгат. ГЭСтин курулушуна кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан дээрлик 23 миллион доллар алынат.