Июль айында бардык негизги азык-түлүктүн чекене баасы жогорулады

Июль айында картошка, кой жана жылкынын этин эсепке албаганда бардык негизги азык-түлүктүн чекене баасы жогорулады.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, баарынан да ун кымбаттады.

Азыр ундун бир килограммы орто эсеп менен 63 сомдон жогору турат.

Сүттүн литрине бир сом кошулуп, 51 сомдон сатылууда.

Негизги азык нандын баасы да бир айдын ичинде 80 тыйынга кымбаттады.

Учурда килограммынын баасы орто эсеп менен 62 сом 60 тыйынды түзүүдө.