Ысык-Көлдө сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда

Ысык-Көлдө сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 1-август күнү кыска-мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылында сел жүрүп, ички чарбалык каналдын 900 метр аралыгын сел суулары каптаган, ошондой эле 30 турак үйдүн короолорун суу каптап, жерге сиңип кеткен.

Мындан тышкары, эс алуу борборунун аймагында жайгашкан 1 кафе, 1 соода түйүнүнүн кооросун жана ички чарбалык жолдун 4800 метр аралыгын каптаган.

Жерине Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнөн 1 эксковатор, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 1 офицер тартылган.