COVID-19: Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат

Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта коронавируска каршы эмдөөдөн өтө алат.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт.

Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү учурунда эмдөөдөн өтүшкөн жана эч кандай кооптонуулар аныкталган эмес, — деп айтылат маалыматта.