Жалал-Абад шаарында аз камсыз жана ата-энесинен ажыраган балдарга эс алуу уюштурулду.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон балдарга, жарым жана томолой жетим балдарга жагымдуу маанай, жайкы көңүлдүү эс алуу тартуулоо максатында жергиликтүү бассейн 50 баланы акысыз эс алдырды.