Кыргызстанга кант диабети менен жабыркагандар үчүн зарыл болгон инсулин келе баштады.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дарынын биринчи партиясы 31-июлда алып келинди.
Белгиленгендей, 8-августта да бир жылдык запас келет.
Эске салсак, инсулин тартыштыгы боюнча көйгөйлөр март айында эле башталган.
Министрлик мунун себебин дарыны жеткирүү үчүн тендер өтпөй калганы менен түшүндүргөн.