Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөп жааган жаан-чачынга байланыштуу 8-августтан 12-августка чейин республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.
Андыктан, жарандарга этият болуп, зарылчылык жок болсо тоолуу трассалар аркылуу жүрүүдөн баш тартуу сунушталат.