Кыргызстанга Pfizer вакцинасы жеткирилди

Кыргызстанга Pfizer вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, жалпысынан вакцинанын 100 миң 600 дозасы келди.

 

Бирок аны аралаштыруу үчүн препарат белгисиз себептер менен жеткирилген жок. Учурда мунун себебин тактоо жүрүп жатат.

 

Андыктан, каалоочуларды Pfizer вакцинасы менен эмдөө качан жүрөт, азырынча такталбайт.