Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунда накталай эмес чет элдик валютанын жетишсиздиги катталууда деген маалыматты четке какты

Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунда накталай эмес чет элдик валютанын жетишсиздиги катталууда деген маалыматты четке какты.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, жарандардын кайрылуусу боюнча накталай эмес валюта менен каалаган өлчөмдө операциялар жүргүзүлүп жатат.

 

Бирок накталай доллар  чындыгында жетишсиз, коммерциялык банктар америкалык валютаны чет мамлекеттерден алып келүү боюнча аракеттерди көрүүдө.