Францияда 1 миң чакырымга созулган унаа тыгындары катталды

 

Францияда 1 миң чакырымга созулган унаа тыгындары катталды. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.

 

Тыгындын себеби – элдердин массалык түрдө курортторго жөнөгөндүгүндө. Эң узак тыгын Парижден Бордо эс алуу аймагына барчу жолдо катталды.

 

Буга байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында “чукул кырдаал” режими жарыяланган. Тыгындар жакынкы арада жоюлат деп күтүлүүдө.