Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу алдыңкы күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.