Оштогу жалпы шаардык ишембиликте 2100 куб таштанды чыгарылды

27-августта Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгына карата жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Ишембиликке шаардын бардык мекеме-уюмдарынын, муниципалдык ишканаларынын жана кызматтарынын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, анын ичинде жогорку окуу жайлардын жана бала… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Алматы шаарына автобус менен жетип алса болот

Бүгүнтөн тарта Алматы шаарына автобус менен жетип алса болот.   Бишкек-Алматы-Бишкек багыты боюнча автобус каттамы жанданды. Казак басылмаларынын маалыматына караганда, каттамдар күнүнө 4 жолу аткарылат.   Бир тарапка билеттин баасы 500 сом. Транспорт Бишкектин батыш автобекетинен чыгып, Алматынын Сайран вокзалына чейин барат.

Диндер тарыхынын өнүгүүсү предмети боюнча окуу куралдары мектептерге сентябрга чейин жеткирилет

Диндер тарыхынын өнүгүүсү предмети боюнча окуу куралдары мектептерге сентябрга чейин жеткирилет. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кыргыз тилдүү китептер даяр, учурда аларды орус, өзбек жана тажик тилдерине которуу иштери жүрүп жатат. Жаңы окуу жылында алар боюнча 9-класстын… Кененирээк…

Кытай Кыргызстан студенттерин кабыл алууну жандантат

Кытай Кыргызстан студенттерин кабыл алууну жандантат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Кытай эл республикасынын элчиси Ду Дэвендин жолугушуусунда белгилүү болду.   Маалыматка ылайык, Кытай студенттерге виза алуу үчүн “жашыл коридор” ачууда. Ал  30-сентябрга чейин күчүндө болот. Ага чейин коңшу өлкөдө… Кененирээк…

Эртеңден тарта Кыргызстан милициясы кызматтын күчөтүлгөн режимгине өтүүдө

Эртеңден тарта Кыргызстан милициясы кызматтын күчөтүлгөн режимгине өтүүдө. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай абал өлкөнүн эгемендүүлүгүн майрамдоого байланыштуу.   Коомдук коопсуздукту камсыздоого  10 миңдей тартип сакчы тартылат. Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге бөлүнөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын кайда жөнөтүлүп жатканы тууралуу маалымат бере албайт

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын кайда жөнөтүлүп жатканы тууралуу маалымат бере албайт. Бул тууралуу Акчабар порталына өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, баалуу металлдар боюнча банктын операциялары жөнүндө маалымат мыйзам чегинде жайылтууга тыюу салынган “жашыруун” категориясына кирет.   Андан тышкары, Улуттук банк тарабынан “Кыргызалтындан”… Кененирээк…

Казакстан курал-жарак экспортун бир жылга токтотту

Казакстан 2023-жылдын августунун аягына чейин аскердик продукцияларды чет жакка экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу чечим Коргонуу өндүрүшү боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда кабыл алынды. Курал-жаракты сатууну токтото туруунун себептери так айтылган жок. Мындай сунушту Өнөр жайды жана инфратүзүмдү өнүктүрүү министрлиги бергени гана кабарланды. СССР тарагандан кийин… Кененирээк…

Казакстанда кыргыз жарандары учураган авариядан улам кылмыш иши козголду

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстанда төрт кыргыз жараны жараат алган жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди. “Ооруканада жаткан кыргыз жарандарынын абалы орточо оор, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу Казакстандын мамлекеттик органдары менен бирге окуянын чоо-жайын, жагдайын териштирип жатат. Ошондой… Кененирээк…

Черногорияда чыныгы жалкоолордун чемпионаты өттү

Черногорияда чыныгы жалкоолордун чемпионаты өттү.   Катышуучулар көп убакытка чейин кыймылдабай, жата бериши керек болчу. Чет элдик басылмалар жазышкандай, биринчи күндө эле 7 катышуучу биринчиликтен четтеди.   Жыйынтыгында Зарко Пеянович аттуу тургун жеңишке жетти. Ал жата берүү боюнча эң чыдамкай болуп, 350 евро, ресторанга чакыруу… Кененирээк…

Кыргызстанда жай соңку күндөрүндө күч алууда

Кыргызстанда жай соңку күндөрүндө күч алууда. Өлкө аймагында аба табы 35 градуска чейин ысыйт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык,   сентябрдын биринчи декадасына чейин жаан-чачын күтүлбөйт.   Күн сайын   1 градустан жылып отуруп, эс алуу күндөрү Бишкекте термометр мамычалары  +34..35 градусту көрсөтөт. Мындай жагымдуу аба-ырайы күндүз гана эмес,… Кененирээк…