Кыргызстандын Улуттук банкы алтын кайда жөнөтүлүп жатканы тууралуу маалымат бере албайт

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын кайда жөнөтүлүп жатканы тууралуу маалымат бере албайт. Бул тууралуу Акчабар порталына өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, баалуу металлдар боюнча банктын операциялары жөнүндө маалымат мыйзам чегинде жайылтууга тыюу салынган “жашыруун” категориясына кирет.

 

Андан тышкары, Улуттук банк тарабынан “Кыргызалтындан” сатылып алынган алтындын бардыгы сатылбайт, бир бөлүгү сактоочу жайда, — дешти каржы мекемеден.