Улуттук банктын төрагасынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул маалыматты Улуттук банк “Акчабарга” тастыктады.

Маалым болгондой, буйрукка 2022-жылдын 30-августунда кол коюлган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Акчабарга” берген маалыматына караганда, ал өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Нурбек Жеңиш бул кызматты 2014-жылдын 22-августунан бери аркалап келген.