Соңку сегиз айда 100 миллиардга жакын сом салык чогулду

Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, жыл башынан берки сегиз айда чогулган салык 100 миллиарддай сом болду жана берилген план дээрлик 1,5 миллиард сомго ашык аткарылды.

Мекеме тараткан маалыматта, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 миллиард 829,4 миллион сомго көп жыйналганы тактап айтканда, өсүү ыргагы 151,2 % түзгөнү айтылат.

Салык кызматы «СМАРТ салым» санарип долбоорун иштете баштаган. Ошондой эле электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машиналар системасын ишке киргизген. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин алкагында товарларды эсепке алуу боюнча «Жыйынды пост» системасы колдонулууда.

Өлкөдө ар кандай эсептөөлөр боюнча көмүскө экономика 40% түзөрү айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров 14-июлдагы жыйын маалында 2021-жылы 105 млрд. сом салык жыйналганын, быйыл болжол менен 155 млрд. сом салык топтолору болжолдонуп жатканын айткан.

Кыргызстанда жалпысынан 700 миң салык төлөөчү болсо, жыйналган салыктын 80 пайызын үч миң салык төлөөчү төгөт.