Кыргызстанда 5-сентябрдан тарта ири рейддер башталат

Кыргызстанда 5-сентябрдан тарта ири рейддер башталат. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, салык органдарынын кызматкерлери транспорт жана турак-жайга салык төлөбөгөн жарандарды аныктайт.

 

Белгилеп кетсек, аталган категорияларга салык төлөө мөөнөтү кечээ соңуна чыкты. Жетишпей калгандарга айып салынат – физикалык жактарга 1 миң сомдон, юридикалык жактарга 5 миң сомдон.