Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13 миллиард 297 миллион кубометрге жетти. 2-сентябрга карата маалымат менен “Электр станциялары” ишканасы бөлүштү.
Андан такташкандай, учурда башкы резервуарга секундасына 364 кубометр суу кирип жатса, чыгышы – 201 кубга барабар. Эске салсак, Кыргызстанда суунун аз келүү мезгили уланууда. Адистер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет.