“Абдыш-Ата” клубу футбол боюнча Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Оюн кечээ Бишкекте өттү. “Абдыш-Ата” “Нефтчинин” футболчуларын 1:0 эсебинде жеңди. 26-мүнөттө жалгыз голду Атай Жумашев киргизди.
Кант шаарынын клубу муну менен кубокту бешинчи ирет багындырып, АФК Кубогуна жолдомо алды.