Катар бийлиги чет элдик туристтер үчүн вакцинация сертификатын талап кылуу эрежесин жок кылды
Катар бийлиги чет элдик туристтер үчүн вакцинация сертификатын талап кылуу эрежесин жок кылды. Эми саякатчылар аталган өлкөгө кирердин алдында 48 саат мурда жасалган ПЦР-тестти көрсөтсө жетиштүү болот. Болгону документ англис тилинде болушу шарт. Эске салсак, 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.