Кыргызстан мектептери 12 жылдык окуу программасына өтөт

Кыргызстан мектептери 12 жылдык окуу программасына өтөт. Мындай чечимдин себебин Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.

 

Реформалардын негзги бөлүгү ошол 12 жылдык окутууга өтүү. Бул эми азыркы учурда замандын талабы болуп атат. Буга чейин эле окуучулар 12 жыл окуп келген. Мисалы, подготовительный класста, садикке баргандар, ал эми бала бакчага барбагандар нулевой класска же жанагы 480 сааттык программа менен окушчу да. Ошону кошкондо эле 12 жыл болуп атат. Бул жөн гана документтештирүү болуп атат

 

Белгилеп кетсек, Билим берүү министрлиги 12 жылдык окуу программасын өткөн айда демилгеледи. Бул идея коомчулукта катуу сынга алынып келет.