Акылбек Жапаров: “Асман” шаары сөзсүз курулат

“Асман” шаары сөзсүз курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоордун концепциясы талкууланган жыйында билдирди. Ал белгилегендей, курулуш иштерин алгач болжол менен 20 миң адамга эсептелген шаарчадан баштоо керек. Ал жакта элдин ден соолугун чыңдоо жана туристтерди тартуу үчүн жайы-кышы тийиштүү шарт болуу зарыл.… Кененирээк…

Кара-Суу районундагы бала бакчанын курулушуна дээрлик 66 млн сом жумшалат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы бала бакчанын курулушуна дээрлик 66 миллион сом жумшалат. Бул боюнча тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүүчү жай Сарай айыл өкмөтүндө жайгашат. Тендердик документацияга ылайык, бала бакчага өрт сигнализациясы, жылытуу, ашканага тиричилик техникалары орнотулушу керек. Эмерек… Кененирээк…

Улуттук банк валюталык операцияларга коюлган чектөөлөрдү алып салды

Улуттук банк валюталык операцияларга коюлган чектөөлөрдү алып салды. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мунун себеби Кыргызстандын валюта рыногундагы кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу. Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндөгү чектөөлөр ушул жылдын 1-декабрына чейин алынып салынды. Эске салсак, 22-июлда Улуттук банк башкармасы чет элдик валюта… Кененирээк…

Өлкөдө калкты каттоонун жыйынтыгы ушул жылдын аягына чейин чыгарылат

Өлкөдө калкты каттоонун жыйынтыгы ушул жылдын аягына чейин чыгарылат. Бул тууралуу Novost.kgге Улуттук статистикалык комитеттин адиси Римма Чыныбаева билдирди. Анын айтымында, мекеме бир нече багыттар боюнча болжолдуу жыйынтыктарды берүүнү пландаштырууда. Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо жазында өттү.

Баткенде Аскер прокуратурасынын административдик имараты ачылды

Баткенде Аскер прокуратурасынын административдик имараты жана кызматтык үйү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын, облустук, райондук прокуратуралардын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз… Кененирээк…

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын 38 айылын таза суу менен камсыздоого каражат бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын 38 айылын таза суу менен камсыздоого каражат бөлөт. Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаевдин айтымында, жалпы сумма 100 миллион долларды түзөт. Акчанын бир бөлүгү кредитке, бир бөлүгү гранттык негизде берилет. Анын алкагында Баткен облусунун 35 айылында жана Ысык-Көлдүн үч… Кененирээк…