Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2-декабрга чейин узартылды.
Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Нааразылык акцияларын Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин имаратынын, президенттик администрациянын, УКМКнын жана Россия элчилигинин жанында өткөрүүгө болбойт.
Митингдерди Горький атындагы паркта гана уюштуруу мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин чектөөлөр 1-сентябрга чейин күчүндө болчу.