Кыргызстанда калктын бардык топторунда алынган кирешенин үлүшү төмөндөдү

Ушул жылдын биринчи кварталында эң көп киреше алгандарды кошпогондо, калктын бардык топторунда алынган пайданын үлүшү төмөндөдү.

Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда алынган бардык кирешенин 40 пайыздан ашыгы эң көп кирешелүү калктын 20 пайызын түзөт.

Ведомство алты айда республика боюнча орточо айлык номиналдык эмгек акы чакан ишканаларды эсепке албаганда 23 миң 939 сомду түзгөнүн белгиледи.

Бул былтыркы көрсөткүчтөрдөн дээрлик 24 пайызга көп.