Министрлер кабинети Асман шаарынын 3 концепциясын тартуулады. Долбоорлорду жергиликтүү адистер иштеп чыкты. Акылбек Жапаров белгилегендей, шаарда калктын ден-соолугун чыңдоого жана туристтерди тартууга бардык шарттар каралышы керек.
Андан тышкары, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген IT-адистердин иши үчүн мыкты технологияларды колдонуу зарыл, — деди ал.
Тартууланган 3 концепциянын кайсынысы жактырылганын өкмөттөн такташкан жок.