Баткенге жардам чогултуу уланууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда. Акчалай жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылган.   16-сентябрда кечке жуук Бишкектен Баткенге 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Анын ичинде азык-түлүк, күнүмдүк жашоодо эң… Кененирээк…

Тажик тараптын аткылоосунан чек арада жабыркаган кыргызстандыктардын саны 103кө жетти

Тажик тараптын аткылоосунан чек арада жабыркаган кыргызстандыктардын саны 103кө жетти. Ушул мүнөттөргө акыркы маалымат менен Саламаттыкты сактоо министрлиги бөлүштү.   Жабыркагандардын бешөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Баткен облустук жана Бишкектин ооруканаларына жаткырылды. Медициналык препараттар жана дары-дармек жетиштүү.

Бишкекте жүздөгөн киши Баткенде жабыркагандарга кан тапшырууда

Бишкекте Республикалык кан борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга кан тапшырам дегендердин узун кезеги пайда болду.   Аталган борбордун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымында, эртең менен 500дөй адам кан тапшырган. Кан донору болууну каалагандар Чыңгыз Айматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна келсе болот.… Кененирээк…

Эрназар Акматалиев жана Арсалан Будажапов дүйнө чемпионатында коло медаль алышты

Кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Арсалан Будажапов Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медаль алышты. Экөө тең эркин күрөш боюнча беттешкен.   Эрназар Акматалиев индиялык балбан менен кармашып, аны 4:1 эсеби менен жеңген. Ал эми Будажапов болгариялык атаандашын 5:1 эсебинде утту. Муну менен спортчулар Кыргызстандын… Кененирээк…

Баткенде 120 миң адам эвакуацияланды

Баткенде 120 миң адам эвакуацияланды.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, Баткен, Лейлек райондорунун тургундары толугу менен Сох анклавы аркылуу Кадамжайдын коопсуз жерлерине көчүрүлдү.   Үйлөрүн таштап качып чыгууга аргасыз болгондорго Кыргызстандын бардык аймактарынан гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Учурга карата… Кененирээк…

Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык каза тапты

Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Жалпысынан жаңжалда 87 адам жабыркады. Бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.   Жарадар болгондордун 27си Бишкектин ооруканаларына жеткирилди. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун басымдуусу аскер кызматкерлери.

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, окуялар катталган жок

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, окуялар катталган жок. Бирок  абал чыңалган сакталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, буга чейин жетишилген макулдашууга карабай, тажик тарап эртең мененки саат 8:50дө Паскы-Арык айылына минометтон ок чыгарды.   5 мүнөттөн кийин аткылоо токтотулду. УКМКнын… Кененирээк…