Бишкекте жүздөгөн киши Баткенде жабыркагандарга кан тапшырууда

Бишкекте Республикалык кан борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга кан тапшырам дегендердин узун кезеги пайда болду.

 

Аталган борбордун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымында, эртең менен 500дөй адам кан тапшырган.
Кан донору болууну каалагандар Чыңгыз Айматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна келсе болот. Кабыл алуу 16:00гө чейин жүргүзүлөт.