Эрназар Акматалиев жана Арсалан Будажапов дүйнө чемпионатында коло медаль алышты

Кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Арсалан Будажапов Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медаль алышты. Экөө тең эркин күрөш боюнча беттешкен.

 

Эрназар Акматалиев индиялык балбан менен кармашып, аны 4:1 эсеби менен жеңген. Ал эми Будажапов болгариялык атаандашын 5:1 эсебинде утту. Муну менен спортчулар Кыргызстандын капчыгын беш медаль менен толукташты. Анын экөө алтын, үчөө коло.