Тажик тараптын аткылоосунан чек арада жабыркаган кыргызстандыктардын саны 103кө жетти

Тажик тараптын аткылоосунан чек арада жабыркаган кыргызстандыктардын саны 103кө жетти. Ушул мүнөттөргө акыркы маалымат менен Саламаттыкты сактоо министрлиги бөлүштү.

 

Жабыркагандардын бешөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Баткен облустук жана Бишкектин ооруканаларына жаткырылды. Медициналык препараттар жана дары-дармек жетиштүү.