Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык каза тапты

Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Жалпысынан жаңжалда 87 адам жабыркады. Бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

 

Жарадар болгондордун 27си Бишкектин ооруканаларына жеткирилди. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун басымдуусу аскер кызматкерлери.