Баткенге жардам чогултуу уланууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда.

Акчалай жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылган.

 

16-сентябрда кечке жуук Бишкектен Баткенге 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Анын ичинде азык-түлүк, күнүмдүк жашоодо эң керектүү буюмдар, жеке гигиена каражаттары жана башкалар. Бишкек мэриясы дары-дармек унаа менен жибериле турганын маалымдады.

Бишкекте Баткен үчүн гуманитардык жардам Спорт сарайынын алдында, Биринчи май, Ленин, Октябрь жана Свердлов райондук акимчиликтерде, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында чогултулуп жатат.

Ошто Баткен үчүн гуманитардык жардам чогултуу түйүнү шаардык мэриянын алдында түзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадагы соңку куралдуу кагылышуудан улам саат 21:00гө карата Баткенден 136 миңден ашык киши коопсуз аймакка эвакуация болгонун кабарлаган. Кадамжайда жана Ошто Баткенден эвакуация болгондор үчүн үйлөр даярдалганын жергиликтүү штабдар маалымдашты.

Алар негизинен Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү, Раззаков шаарынын тургундары.